• Башкы бет
  • Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо алды. Ал бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт
15:18, 2023-ж., 22-сентябрь

Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо алды. Ал бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт

Акжол Махмудов Олимпиадага жолдомо алды. Ал бүгүн алтын медаль үчүн күрөшөт

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, аны менен бирге Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 

Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда. 

Махмудов аталган мелдеште норвегиялык, египеттик, өзбекстандык балбандарды утуп, жарым финалга чыккан. 

Ал эми жарым финалдык беттеште япониялык спортчу Нао Кусака менен күч сынашып, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. 

Учурда Кыргызстандын эсебинде жалпы төрт жолдомо бар. Буга чейин суучул Денис Петрашов, балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Айсулуу Тыныбекова да жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Айта кетсек, Дүйнө чемпионатында кечээ Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акжол Махмудов

Комментарийлер

live comments feed...