• Башкы бет
  • Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдо алды
14:50, 2023-ж., 21-сентябрь

Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдо алды

Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдо алды

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалга чыгып, 2024-жылы Парижде боло турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Бул аталган чемпионатта алынган Кыргызстандын куржунундагы экинчи жолдомо.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашкан. Жарым финалда германиялык балбан Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Бүгүн, 21-сентябрда ал алтын байге үчүн жапониялык Сакура Мотоку менен беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

Буга чейин, 76 килограмм салмакта кыргызстандык Айпери Медет кызы финалга чыгып, Кыргызстандын эсебине Олимп оюндарына алгачкы жолдомо алып келген. Андан соң, Айпери Медет кызы  20-сентябрда жапониялык Юко Кагами менен алтын медал үчүн күрөшүп, жеңилип калган.

68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова колунан жаракат алганына байланыштуу чейрек финалда жапониялык Ами Ишии менен беттешке чыкпай, мелдештен четтеди.

16-сентябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат. Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айсулуу Тыныбекова

Комментарийлер

live comments feed...