• Башкы бет
  • 19 жаштагы футболчу жол кырсыгынан улам каза болду
14:46, 2023-ж., 19-сентябрь

19 жаштагы футболчу жол кырсыгынан улам каза болду

19 жаштагы футболчу жол кырсыгынан улам каза болду

«Илбирс» жана «Абдыш-Ата» футбол клубдарынын 19 жаштагы экс-чабуулчусу Ааламбек Абылкасымов жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу 18-сентябрда Кыргыз футбол союзу социалдык баракчасы аркылуу кабарлады.

«Жаркын элесиң эсибизден кетпейт! Бүтүндөй футбол үй-бүлөсү аза күтүүдө», — деп айтылган некрологдо.

2019-жылы 16 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия Кубогунун тандоо оюндарында Кыргызстан курамасы Ливандын футболчулары менен беттешип, 41-мүнөттө алмашуу жолу аркылуу оюнга чыккан Ааламбек эки гол киргизип, беттеш 2:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына аяктаган.

Андан тышкары 2021-жылы 16-мартта «Илбирс» футбол клубунун курамында Премьер-Лигада дебют жасаган. Оюнчу жалпысынан 12 беттешке катышып, 2 гол киргизип, 1 пас берген.

2023-жылдан тарта «Абдыш-Ата-2» үчүн ат салышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Футболчу көз жумду

Комментарийлер

live comments feed...