• Башкы бет
  • В. Шевченко: "Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок"
13:26, 2023-ж., 18-сентябрь

В. Шевченко: "Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок"

В. Шевченко: "Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок"

Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болмок.”  Мындай пикирин кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко Алекса Грассо менен болгон таймаштан соң билдирди.

Валентина Шевченко UFC уюмунун калыстарына басым жасалып, туура эмес чечим чыгарышканын билдирди.

“Менин оюм боюнча, эсеп менин пайдама 3:2 болду. Бирок судьялар аларга басым жасалып жатканын сезишти окшойт. Себеби бүгүн Мексиканын көз карандысыз күнү. Ушул себептен мексикалык мушкерге дагы бир раунд беришти көрүнөт. Акыйкат беттеште жеңиш мен тарапта болду”, — деди ал.

17-сентябрга караган түнү Лас-Вегаста UFC 285 турниринин алкагында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко мексикалык Алекса Грассо менен кайрадан күч сынашты.

Алекса Грассо менен таймаш беш раундда өтүп, бул Шевченконун карьерасында оор беттештердин бири болду. Анын жыйынтыгында калыстар спортчулардын тең чыгышканын жарыялады. Мунун негизинде чемпиондук титул кайрадан мексикалык Алекса Грассодо калды.

Шевченко ушул жылдын март айында ажырап калган чемпиондук титулун кайтарып алуу үчүн реваншка чыккан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#В. Шевченко

Комментарийлер

live comments feed...