• Башкы бет
  • Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча шаар биринчилиги өттү
15:09, 2023-ж., 12-сентябрь

Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча шаар биринчилиги өттү

Тогуз коргоол улуттук оюну боюнча шаар биринчилиги өттү

Ош шаарында, 9-10-сентябрь күндөрү улуттук тогуз коргоол оюну боюнча ачык чемпионат болуп өтүп, анда мектеп окуучулары, орто жана жогорку окуу жайлардын студенттери күч сынашты. 

Жеңүүчүлөргө Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан кубок, диплом жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 

Спорттук иш-чаранын алкагында Ош шаарынын спортчусу Куштар Камил уулуна улуттук оюн боюнча “Кыргыз Республикасынын спорт чебери” наамы ыйгарылды. 

Мелдешке жалпысынан 120дан ашуун адам катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тогуз коргоол

Комментарийлер

live comments feed...