14:08
-ж., 29-февраль
Жалал-Абадда 7-сентябрда 35 жаштагы жаран бычакталып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуяга шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 2004-жылы туулган жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Маалыматка караганда, окуя 7-сентябрына караган түнү саат 1:40 чамасында болгон. Анда 18-20 жаштагы бала бир нече жолу учтуу нерсе менен сайган.
Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголгон.
Комментарийлер