• Башкы бет
  • Ош: Каракчылыкка шектелип эки адам кармалды
12:13, 2023-ж., 6-сентябрь

Ош: Каракчылыкка шектелип эки адам кармалды

Ош: Каракчылыкка шектелип эки адам кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда эки адам каракчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 31-август күнү Кара-Суу РИИБине арыз менен Жийделик айылынын тургуну 1971-жылы туулган М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 30-августан 31-августка караган түнү саат 00:10 чамасында ага бей таныш болгон Рахатай аттуу аял киши жана 1 белгисиз азият улутундагы  эркек киши болуп жабырлануучуну ур-токмокко алышып үйүнөн 19 000 (он тогуз миң) сом акчасын жана үй тиричилгине керектелүүчү буюдарын алып кетишкен.

"Бул факт Кара-Суу РИИБине катталып, КР Кылмыш-жаза кодксинин 207-беренесинин («Каракчылык») негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын негизинде 2-сентябрь күнү Кара-Суу РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Р.Д., жана  1994-жылы туулган С.Д., аттуу жарандар кармалып, камакка алынды",-деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Каракчлык

Комментарийлер

live comments feed...