• Башкы бет
  • Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды
16:37, 2023-ж., 28-август

Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды

Ошто көк бөрү боюнча президенттин кубогу башталды

Ош облусунда 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана мамлекеттик, саясий ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине карата улуттук спорттун жана көк бөрү боюнча президенттин кубогу старт алды. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш чаралар “Төлөйкөн” ат майданында жана Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук ат майданында өтүүдө.

Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер башталды. Мелдешке өлкөнүн баардык аймактарынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстандан келген спортчулар катышууда.

Мындан сырткары 31-август күнү Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата 32 киллометр чакырымга ат чабыштан мелдеш өтөт. Ага башкы байге катары бир батир коюлат. Ал эми улуттук спорттук оюндардын байге фондуна 9 миллион сом каралган.

Буга чейин, Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 32 жылдык мааракеси бул жылы Ошто өтөөрү маалым болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Көк бөрү-Ош

Комментарийлер

live comments feed...