• Башкы бет
  • Ошто кош бойлуу келин алган жараатынан улам баласынан ажырады
13:06, 2023-ж., 24-август

Ошто кош бойлуу келин алган жараатынан улам баласынан ажырады

Ошто кош бойлуу келин алган жараатынан улам баласынан ажырады

23-августта Ош облустук төрөт үйүнө бычакталып түшкөн кош бойлуу аялдын абалы турукташып калды. Бул тууралуу төрөт үйүнүн башкы дарыгери Асылкан Асанова билдирди.

Анын айтымында аялдын түйүлдүгү беш айлык болгон. Келинге сайылган бычак түйүлдүккө тийип, сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 

«Келин кечээ түнү 23:00 до оор абал менен келип түштү. Азыр абалы турукташып калды.  Керектүү жардамдар көрсөтүлдү кан токтоду»,-деди башкы дарыгер. 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы аялын бычактоого шектелип өзүнүн 40 жаштагы тургуну кармалаганын, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. 

Маалыматка караганда, шектүү жаран өзүнүн үйүндө аялы менен пикир келишпестиктен улам ага учтуу нерсе менен сайып жиберген.

Аталаган окуя 23-август күнү 23:00 чамасында болгон. Анда 33 жаштагы кош бойлуу  жаран оор жаракат менен ооруканага кайрылаган. Аны туугандары Ош облусттук төрөт үйүнө жеткизишкен. 

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертизасы дайындалган. Окуя боюнча күбөлөр суралууда. 

Бүгүн, 24-август күнү аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин  37 (кылмыш жасоого аракеттенүү)-122 (Адам өлтүрүү) беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кош бойлуу келин

Комментарийлер

live comments feed...