14:08
-ж., 29-февраль
Алдамчылык фактысы боюнча Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды.
УКМКнын маалыматка караганда, 2020-жылы Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүүнү убадалап, жарандын 5 миң доллар акча каражатын жана «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында аталган жер тилкесин Камчы Көлбаевга өткөрүп берген.
Криминалдык чөйрөлөрдө «Мокинтош» каймана аты менен белгилүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон.
Мусадаров Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Комментарийлер