14:08
-ж., 29-февраль
Дүйнө чемпионатында кыздар арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медалды багындырды. Бул тууралуу 18-августта Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Балбан кыз 59 кг салмакта таймашты. Ал финалдын 1/16 өзбек атаандашын 11:1 эсебинде, ал эми финалдын 1/8 казакстандык спортчуну 8:1 эсебинде жеңди.
Чейрек финалда жапониялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага утулуп калган.
Калмира Билимбек кызынын медалы дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын курама командасынын биринчи медалы.
Балбан кыз 2021-жылы да дүйнө чемпионатына катышкан, анда күмүш медаль тагынган. Ал эми 2023-жылдын апрелинде өткөн Азия чемпионатында коло байгеге ээ болгон.
Комментарийлер