• Башкы бет
  • Нурзат Нуртаева КМШ оюндарында алтын медаль утту
13:57, 2023-ж., 14-август

Нурзат Нуртаева КМШ оюндарында алтын медаль утту

Нурзат Нуртаева КМШ оюндарында алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева  Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча алтын медаль утту.

Спортчу 72 кг чейинки салмакта катышып. Ал финалда Беларусь балбаны Виктория Радькова менен беттешип, жеңишке жетти. 

Балбан Нурзат Нуртаева КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында Кыргызстанга биринчи алтын медалды алып келди.

Буга чейин кыз-келиндер командасынын мүчөлөрү Бермет Нуридин кызы коло медаль, ал эми Дилназ Сазанова күмүш медаль багындарган.

Эске салсак, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.

Аталган мелдештерте 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күч сынашат. 4 августта башталган оюн бүгүн,  14-августта жыйынтыкталат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Күрөш-КМШ оюндары

Комментарийлер

live comments feed...