• Башкы бет
  • Ош: Жер тартып алууга жана зомбулукка шектелген жаран кармалды
15:37, 2023-ж., 12-август

Ош: Жер тартып алууга жана зомбулукка шектелген жаран кармалды

Ош: Жер тартып алууга жана зомбулукка шектелген жаран кармалды

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен боюнча уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мурда соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон жаран кармалды.

Тактап айтканда, 6-авгутта Кара-Суу районунун тургуну 1991-жылы туулган А.М. арыз менен кайрылып, анда 2023-жылдын 4-август күнү саат 13:00 чамасында Кара-Суу районунуна караштуу Коңурат айылында Куттубек аттуу жаран себепсиз уруп денесине залал келтирген, натыйжада жабырлануучу А.М. Ош шаардык клиникалык ооруканасына жатканын айткан.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, ушул жылдын 27-апрелинде Кара-Суу районунун Коңурат айылынын тургуну 1970-жылы туулган З.Н. арыз менен кайрылып, анда өзүнүн ошол эле айылындагы 6 сотых жерине Куттубек аттуу атуул «Менин чегим» деп талашып, ал жерге курулуш иштерин баштап, фундамент куюп, күч колдонуу менен чегине киргизбей жаткандыгы боюнча билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Натыйжада, ыкчам иш чаралар жүргүзүлүп Кара-Суу районунун тургуну мурун бир нече жолу соттолгон жана криминалдык дүйнө менен тыгыз байланышта болгон 1983-жылы туулган М.К. такталып, 10-август күнү кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Зомбулук

Комментарийлер

live comments feed...