14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы беттештерге жаңы форма менен чыгат. Команданын жаңыланган формасынын бет ачары кечээ, 9-августта Бишкек шаарында өттү.
Улуттук кураманын формасында кыргыз оюм- чийимдери түшүрүлгөн. Улуттук орнамент аркылуу спортчулар, команданын биримдиктүү экенин айткысы келген. Бул өз кезегинде кыргыз футболунун өсүп өнүгүшүн тилек кылган белги.Жаңыланган форманы кураманын оюнчулары Бекжан Сагынбаев, Кристиан Браузман жана башкалар кийип чыкты.
Мындан сырткары команданы 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболка аукционго коюлду. Андан түшкөн каражат өлкөдөгү балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.
Кыргыз футболдук союзу менен JOMA бренди иштеп чыккан мерч массалык сатууга 11-августта чыгат.
Комментарийлер