• Башкы бет
  • Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
14:08, 2023-ж., 9-август

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Ири суммадагы акча каражатын алып жаткан учурунда К. Асанбектин (кримтөбөл Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү О.у.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын пресс-борбору билдирди.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды, фото-1

Кечээ, 8-августта УКМК тарабынан  «Опузалап талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, мурда үч жолу соттолгон, учурда Жазаларды аткаруу кызматынын №31- мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 1984-ж.т. Нарын облусунун тургуну О.у.Н. кармалды. Ал акыркы алты ай бою шантаж жана күч колдонуп зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен жабырлануучудан дайыма акча каражатын алып турган.

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды, фото-2

Кармалган О.у.Н. КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ОПГ

Комментарийлер

live comments feed...