• Башкы бет
  • Кыргызстанда 12-августта эл аралык веложарыш старт алат
14:00, 2023-ж., 9-август

Кыргызстанда 12-августта эл аралык веложарыш старт алат

Кыргызстанда 12-августта эл аралык веложарыш старт алат

Кыргызстанда 12-августта «Silk Road Mountain Race 2023» эл аралык веложарышы старт алат. Ага 30 өлкөдөн 200дөн ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Туризм департаментинин маалыматы боюнча, веложүрүш 26-августка чейин уланат. Катышуучулар 1880 чакырымдык маршруттан өтүшөт. Алар: Каракол – Эңилчек – Саруу – Жукуу ашуусу – Нарын – Көл-Суу – Баетов – Казарман – Соң-Көл – Кегети – Чоң-Кемин – Көк-Айрык ашуусу – Чолпон-Ата.

Веложүрүш Туризм департаменти менен Британиянын «SRMR» компаниясынын колдоосу менен өтөт. Департамент бул сыяктуу иш-чаралар өлкөдө туризмин өнүгүшүнө өбөлгө болорун айтат.

Иш-чара былтыр Ош шаарынан башталып, 163 спортчу катышкан. Анда франциялык Софияне Сехили маарага беш күн жети сааталты мүнөттө биринчилерден болуп жетип барган. 

«Жибек жолу» тоо жарышы (Silk Road Mountain Race) Кыргызстанда 2018-жылдан тарта өтүп келе жаткан эл аралык иш-чара. Аны 2013-жылы ушундай эле жарышка катышып, Шанхайдан Парижге Кыргызстан аркылуу барган Нельсон Трис  уюштурган. Кийин өлкөгө келип Кыргызстандын алыскы тоолорунун сулуулугун эл аралык велоспорт коомчулугуна көрсөткүсү келип бул жүрүштү баштаган.

Эл аралык веложарыш Кыргызстанда алгач 2018-жылы өтүп, анда Бишкектен Чоң-Кеминге чейин 1721 киллометр аралыкты аралап өтүүгө 86 спортчу чыгып, 30у финишке жеткен.

2019-жылы 135 спортчу борбор калаадан Чолпон-Атага чыккан. Анын ичинен 68и маарага жете алган.

2020-жылы «Жибек жолу» тоо жарышы коронавирус пандемиясынан улам уюштурулган эмес. 2021-жылы үчүнчү эл аралык веложарыш Таластан Балыкчыга чейин болгон. Анда 95 катышуучу старт алып, 1895 км аралыкты 52си жүрүп өтө алган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#веложарыш

Комментарийлер

live comments feed...