• Башкы бет
  • Кыргызстандык грек-римчилер эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди
10:59, 2023-ж., 7-август

Кыргызстандык грек-римчилер эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Кыргызстандык грек-римчилер эл аралык мелдеште 6 медаль жеңди

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Беларустун Минск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында 1 күмүш жана 5 коло медаль жеңди.

55 кг чейинки салмак категориясында Улан Муратбек уулу күмүш медаль тагынды.

Ал эми коло медалга 60 кг салмактагы спортчу Нурмухаммед Абдуллаев, 63 кг салмактагы Баяман Каримов, 67 кг салмактагы Самат Аманат уулу, 77 кг салмактагы Ырысбек Максатбек уулу, 72 кг салмактагы Адилхан Нурланбеков татыды.

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары 4-августтан 14-августка чейин Беларустун 11 шаарында өтүүдө. Ага спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен эки миңден ашуун спортчу катышып жатат.

КМШ оюндарында Кыргызстандын намысын спорттун 17 түрү боюнча 200дөн ашуун спортчу коргоп жатат.

Мелдеш КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы достукту бекемдөө менен дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну иш жүзүндө ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Грек-рим

Комментарийлер

live comments feed...