• Башкы бет
  • Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү мелдеши Ошто өтөт
15:30, 2023-ж., 5-август

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү мелдеши Ошто өтөт

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү мелдеши Ошто өтөт

Быйыл эгемендик күнүнө карата өтө турган көкбөрү боюнча президенттин кубогу Ошто өтөт. Бул тууралуу 4-августта Көкбөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев маалымат жыйында билдирди.

Мелдеш 24-августта башталып, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүнө чейин уланат. Оюнга канча команда катышары Ысык-Көлдө боло турган клубдар аралык кубоктон кийин белгилүү болот. Аталган оюн 13-августтан 20-августка чейин уланат. 

Дүйнө кубогуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия жана АКШдан клубдар катышат.

Эгемендик күнүнө арналган көкбөрү боюнча президентинин кубогун былтыр Оштун “Алай” командасы уткан. Мелдеш Нарын облусунун Эмгекчил айылында өтүп, 19 команда катышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#көкбөрү

Комментарийлер

live comments feed...