• Башкы бет
  • Эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы экинчи орунду алды
14:57, 2023-ж., 31-июль

Эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы экинчи орунду алды

Эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы экинчи орунду алды

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

30- июлда бильярд боюнча Орусиянын Екатеринбург шаарында «Екатеринбург башчысынын кубогу» мелдеши аяктады. Чемпионатка Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышты.

Кыргызстандык  бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи орунга ээ болду.

Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рублди түздү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бильяр #Азиз Мадаминов

Комментарийлер

live comments feed...