• Башкы бет
  • Кыргызстандын 16 студенти Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышат
15:55, 2023-ж., 25-июль

Кыргызстандын 16 студенти Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышат

Кыргызстандын 16 студенти Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына катышат

Кыргызстандын командасында ар кайсы университеттерден  куралган 16 спортчу жана 4 машыктыруучу бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министирлигинен маалымдашты.

Кытайдын  Чэнду шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндарына кыргызстандык балбандар  спорттун 5 түрү боюнча катышат.

Алар: жеңил атлетика,  дзюдо,  стол тенниси,  таэквондо жана ок атуу.

Буга байланыштуу, Билим берүү жана илим министрлиги  1 млн сом бөлүп берди. Кааражат алардын тамак-аш, жатакана жана аккредитациясына жумшалат. Спортчуларды авиабилет жана атайын спорттук формалар менен камсыздоо үчүн Дене тарбия жана спорт департаменти тарабынан 2 млн сом жана студенттик федерациясы тарабынан 600 миң сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, жайкы Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндары  спорттун 18 түрү боюнча үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин өткөрүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бүткүл дүйнөлүк студенттер оюндары

Комментарийлер

live comments feed...