• Башкы бет
  • Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды
14:52, 2023-ж., 15-июль

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл К.Асанбектин (камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын кабарлады.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында жалган ишкердик фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында, 14-июлда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү «Узун Улан» каймана аты бар У.Барчакеевдин аталаш бир тууганы, К.Асанбектин коопсуздук кызматынын башчысы — С.А.С., ошондой эле, уюштуруучусу Т.К.Б. кармалды, алар жалган финансылык документтерди жасоо менен өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуунун мыйзамсыз схемасын уюштурушкан.

Андан 151 млн сом зыян келтирилгени айтылды.

Жалган фирмаларды салык органдарына каттатуу менен алар ЕАЭБ өлкөлөрүнө «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» автожол бекеттери аркылуу товарларын ташып келишкен.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ОПГ

Комментарийлер

live comments feed...