14:08
-ж., 29-февраль
Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Венгрияда өткөн күрөш боюнча рейтингдик турнирде алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясы билдирди.
Тыныбекова 62 кг чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Финалга чейин венгриялык, орусиялык балбандарды жеңген. Финалда болгариялык спортчуну 2:1 эсебинде утту.
Венгрияда учурда төртүнчү дүйнөлүк рейтингтик турнир өтүп жатат.
Комментарийлер