• Башкы бет
  • Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
14:40, 2023-ж., 7-июль

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 5-июль күнү саат 20:20 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндө жайгашкан Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын жансыз денеси жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат Кызыл-Кыя милициясынын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Жансыз дененин өздүгү такталып, ал Ноокат районунун 42 жаштагы тургуну С.Р. экендиги аныкталган. Маркумдун жансыз денесинин жаткан жери эч ким жашабаган кароосуз калган бөлмөнүн ичинде катталып, денесинде жарааты бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошол эле күнү Кызыл-Кыя милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын тургуну 49 жаштагы Т.Т. кармалган.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кызыл-Кыя шаары

Комментарийлер

live comments feed...