• Башкы бет
  • Жалал-Абадда "Чач" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
16:01, 2023-ж., 6-июль

Жалал-Абадда "Чач" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда "Чач" каймана аты  менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

5-июлунда Жалал-Абаддагы мейманканалардын биринде “Чач” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал  Ички иштер министрлигинин  каттоосунда Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени айтылат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Жалал-Абад шаарындагы соода базарлардын ээлерине физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен  салык салууга аракет кылган.

«Учурда бул фактылар боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.Кармоо учурунда жеке тинтүүдө М.Э.М.ден 10 граммга жакын өзгөчө жыты бар “гашиш” заты табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Ошол эле учурда кармалган жаран баңги затын колдонуу боюнча экспресс-тест текшерүүдөн өтүп, оң натыйжа берген»,- деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. УКМК кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад облусу боюнча нөөмөт кызматына (03722) 5-60-49 телефону аркылуу кайрылууну сурайт.

“Чач” каймана аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылып, 2013-жылы Москва шаардындагы кыргыз диаспорасы үчүн “смотрящий” деп аталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ОПГ

Комментарийлер

live comments feed...