14:08
-ж., 29-февраль
Кыргызстандын эр эңиш боюнча курама команданын мүчөлөрү Татарстанда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Мелдеш 23-25-июнь күндөрү өтөт. Кыргызстандын атынан бара турган команданын тизмесинде алты адам бар. Алар — Жекшен Турдубеков, Бактыгул Райхан уулу, Калыбек Бузурманкул уулу, Амантур Мунур уулу, Күмүшбек Кыдыралиев жана Турдукул Абдрахманов.
Курама команда машыктыруучу Нурлан Турдубаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Комментарийлер