
11:14, -ж., 7-июнь
Орус армиясындагы жоготуулар боюнча айтылды

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу орусиялык аскерлердин жоготуусу тууралуу үн катты. Ал Украинанын каршы чабуулу тууралуу маалымат берип жатып, Орусия бул чабуулда 71 аскерин жоготконун айтты.
Шойгунун айтымында, Украинанын каршы чабуулуна орус армиясы тарабынан «ийгиликтүү жооп» кайтарган. Согуштун соңку үч күнүндө 71 орус аскери каза болуп, 210 аскер жарадар болгон.
Ал эми Украина тараптын жоготуулары Шойгунун версиясы боюнча соңку үч күндө 300дөн ашкан. Бирок бул маалыматты украин тарап тастыктаган эмес.
Буга чейин ВВС «Медиазона» уюму менен биргеликте Украинадагы согушта көз жумган орус аскерлеринин тизмесин өз алдынча аныктаган. Анда 25 миң орус аскери курман болгонун жакындары аркылуу тастыкталган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер