14:08
-ж., 29-февраль
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда вебкам-студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниель Ажиев 29-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу 6-июнда «Т-Медиага» соттун басма сөз кызматы билдирген.
Маалыматка караганда, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалды.
Кечээ, 5-июнда УКМК Э.А. аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылып, анын негизинде Ажиев жетектеген трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлаган. Атайын кызмат ага таандык үч чоң студияда тинтүү жүргүзгөн. Ал жерден 30 оператордун ар кандай сайтта акча үчүн интимдик мүнөздөгү кызмат көрсөтүү ишин уюштурганы аныкталып, 80 даана компьютер табылган.
Комментарийлер