11:02, 2023-ж., 7-июнь

Абактан качкан жаран кармалды

Абактан качкан жаран кармалды

Ысык-Ата районунда 5-июнь күнү саат 01:40 чамасында убактылуу кармоочу жайдан качып кеткен жаран кармалды. Ал мурда соттолгон Балыкчы шаарынын тургуну 29 жаштагы тургуну болгон.

Кылмышка шектүү К. Сабыров ден-соолугум жакшы болбой жатат деп, нөөмөт өтөп жаткан милиционерден жардам сурап, кармоочу жайдын №2 камерасынын эшигин ачтырган. Ал жерден милиционердин өмүрүнө коркунуч келтирүү менен бычакты мойнуна такап, кызматкерди байлап, убактылуу кармоочу жайдан качкан.

Аталган факт боюнча «Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмышка шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Абактан качкан жаран

Комментарийлер

live comments feed...