• Башкы бет
  • Өлкө боюнча 1200 адам унаа башкаруу укугунан ажыратылды
14:20, 2023-ж., 6-июнь

Өлкө боюнча 1200 адам унаа башкаруу укугунан ажыратылды

Өлкө боюнча 1200 адам унаа башкаруу укугунан ажыратылды

2023-жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа башкаргандардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, 17500 сом айып салуунун  ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тарта 31-майга чейин өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталды.

Анын ичинен 1200гө жакын айдоочу соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда экени кабарланды. Андан сырткары 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.

«Айрым беренелерге айып пул жогорулаган себебинен жол эрежелеринин бузуунун бардык түрү төмөндөп, айрыкча, мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган», — деп айтылат Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын маалыматында.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Унаа

Комментарийлер

live comments feed...