• Башкы бет
  • БШК Ниязалиева менен Сариевдин каттоосун жокко чыгарды
14:08, 2023-ж., 6-июнь

БШК Ниязалиева менен Сариевдин каттоосун жокко чыгарды

БШК Ниязалиева менен Сариевдин каттоосун жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда бир мандаттуу Ленин округунан парламент депутаттыгына ат салышкан Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Боршайкомдун жыйынында Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбаев талапкер тарабынан добуш сатып алуу фактысы далилденгенин билдирди. Анын айтымында, шаардык милиция БШКга Ниязалиеваны кылмыш жообуна тартуу тууралуу өтүнмө жөнөттү.

Ушул эле күнү кечинде БШК дагы бир талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Маалыматка караганда, 2-июнда мекеменин дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан Улан Сариев шайлоодо бир катар мыйзам бузууларга барган деген маалымат келип түшкөн. Ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражатты колдонду жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шек саналган.

Комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын өкүлү маалымат берди, ал Улан Сариевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну сураган жок. Натыйжада БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Буга ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деген негиз келтирилди. Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын моюнуна алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Депутаттыкка талапкер

Комментарийлер

live comments feed...