• Башкы бет
  • Бир апта ичинде 137 мас айдоочу кармалды
14:07, 2023-ж., 5-июнь

Бир апта ичинде 137 мас айдоочу кармалды

Бир апта ичинде 137 мас айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 29-майдан 4-июнга чейин жол эрежесин бузгандарга карата рейд жүргүзүлүп, 19 миң 848 бузуу фактылары аныкталды.

Анын ичинен 137 адам мас абалында унаа айдаганы, 57 айдоочу автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы аныкталды. Ошондой эле тийиштүү документтери жок машине айдаган 169 адам, жалган мамлекеттик номуру менен үч айдоочу кармалды.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 5705, авто ээнбаштык – 26, белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3212, башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10071.

Ал эми жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 468.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1369 автоунаа айып короо жайына токтотулган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мас айдоочу

Комментарийлер

live comments feed...