• Башкы бет
  • Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды
13:34, 2023-ж., 29-май

Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды

Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кечээ, 28-май күнү Баткен облусунун Лейлек районунда "Ак-Сарай", "Максат", "Кара-Бак" чек ара заставалары, "Жаштык", "Чоң-Талаа" посттору пайдаланууга берилди. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, жаңыдан курулган "Ак-Сарай" заставасында чек арачылар үчүн зарыл болгон бардык заманбап шарттар түзүлгөн. Аскер кызматкерлерине жатакана, спорттук аянтча, балдар үчүн ойноо аянтчасы, мончо, унаа токтоочу жай жана башка күнүмдүк жашоо шарты үчүн жана эң негизгиси мамлекеттик чек араны татыктуу коргоо үчүн зарыл болгон бардык шарттар толугу менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев чек арачыларды майрам менен куттуктап, аскер кызматкерлери үчүн, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу багытында жасалып жаткан негизги жумуштар тууралуу учкай айтып өттү. Чек араны коргоодо коюлган талаптарды кынтыксыз аткаруу зарылдыгын, аны үчүн зарыл шарттарды түзүп берүү жагы мамлекет тарабынан мындан ары да улантылаарын баса белгиледи.

Аталган заставанын курулуш 2011-жылы башталып, бирок ушул убакытка чейин бүтпөй келген. Өткөн жылы курулуш иштери жанданып, кыска аралыкта чек арачыларга пайдаланууга берилди.

Аны менен катар эле Минитсрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Максат" чек ара заставасын ачылыш аземине катышып, имараттын жана бөлүктөрдүн абалы менен таанышып чыкты. 

Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды, фото-3

Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фелдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.

Камчыбек Ташиев чек ара кызматынын өкүлдөрү жана жоокерлер менен бирге тамактанып, жакындан баарлашты.

Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды, фото-4

Ошондой эле  Баткен облусундагы "Жаштык" чек ара постунун толугу менен жаңыланган шарты чек арачыларга тапшырылды.

Ачылуу аземине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. "Жаштык" чек ара посту менен катар Баткен облусундагы "Кара-Бак" чек ара заставасынын "Чоң-Талаа" посту да заманбап шартта жаңыланып, пайдаланууга берилди. Бул эки посттун абалы менен Камчыбек Ташиев таанышып чыкты.

Баткенде бир нече чек ара заставасы менен постору ачылды, фото-5

Аталган посттор чек арачыларга коюлган талаптарды аткаруу үчүн керектүү болгон бардык каражаттар менен камсыздалган.

Камчыбек Ташиев чек арачы жоокерлерди Чек арачылардын күнү менен куттуктап, коюлган милдеттердин так аткарылышына ишеним билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен облусу

Комментарийлер

live comments feed...