• Башкы бет
  • Мектептерде акча жыйноого тыюу салынды
14:35, 2023-ж., 27-май

Мектептерде акча жыйноого тыюу салынды

Сүрөт интернеттен алынды

Сүрөт интернеттен алынды

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ушул күнгө чейин мектептерде муктаждыктар үчүн акча жыйналып, ата-энелер тарабынан чогултулуп келген. 

Жарлыкта, мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга, билим берүү мекемелеринин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынарын белгилеген. Өлкө башчы оңдоп-түзөө иштерине, зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга каражат мамлекеттик казынадан бөлүнөрүн белгилеген.

Мектептерде ата-энелер кеңешмеси түзүлүп, тамак-аш, тазалоочу каражаттар окуучулардын жакындарынан чогултулуп келген. Жарлык күчүнө киргенден кийин акча жыйноого жол берген директорлор, мугалимдер катуу жазага тартылары эскертилүүдө.

2019-жылы ошол кездеги билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектептерде ата-энелерден  кеңешме-фонддордун акча жыйноосуна тыюу салган буйрук чыгарган. Бирок буйрукка карабай акча жыйноолор болуп келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...