
14:59, -ж., 26-май
Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгына сынак жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына сынак жарыяланганын кабарлады.
Сыйлык төмөнкү 11 номинация боюнча тапшырылат:
1.Адабият жаатындагы мыкты чыгарма;
2.Журналистика жана телекөрсөтүү жаатындагы мыкты чыгарма;
3.Музыкалык искусство жаатындагы мыкты чыгарма жана мыкты аткаруучу;
4.Көркөм искусство (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусство) жаатындагы мыкты чыгарма;
5.Шаар курулушу, архитектура жана дизайн жаатындагы мыкты долбоор;
6.Театр жана цирк искусствосунун мыкты чыгармасы;
7.Кино жаатындагы (сценарийлик, композитордук, режиссёрлук, операторлук, актёрлук) мыкты жетишкендик;
8.Илим жана жаңы технологиялар жаатындагы мыкты иш;
9.Экономика, бизнес, меценаттык жаатындагы мыкты жетишкендик;
10.Спорт жаатындагы мыкты жетишкендик;
11.Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн.
Сынакка катышууну каалаган жаштар төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:
1.сунуш кат
2.чыгармачыл жаматтардын сунуштоо чогулушунун протоколу
3.чыгармачыл мүнөздөмөсү
4.буга чейин алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү
5.көрсөтүлгөн иши тууралуу кыска (эки беттен ашпаган) аннотация (адабият жаатында: китептери)
6.кыскача өмүр баяны
7.4×6 өлчөмүндө 2 фотосүрөт
8.паспортунун көчүрмөсү
Сыйлыкка 35 жашка чейинки чыгармачыл адамдар катыша алат. Документтер ушул жылдын 10-августуна чейин Бишкек шаарындагы Пушкин көчөсү, 78 (Маданият министрлигинин имараты, Жаштар саясаты башкармалыгынын иш бөлмөсү) дарегинде кабыл алынат. Кошумча маалыматты 0(312) 66-09-52, 62-11-94 телефон номерлеринен алууга болот.
Атайын комиссиянын тандоосунан өткөн чыгармачыл жаштарга лауреаттык диплом, төш белги, 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырылат.
Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгы 2000-жылы негизделген. Сыйлыкка тандап алуу жобосуна 2016-жылы Өкмөттүн №632 токтому менен бир катар өзгөртүүлөр, толуктоолор киргизилген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер