• Башкы бет
  • К. Ташиев УКМКны бакшарып турган убакта көп иштерди жасап калышы керектигин айтты
14:48, 2023-ж., 26-май

К. Ташиев УКМКны бакшарып турган убакта көп иштерди жасап калышы керектигин айтты

К. Ташиев УКМКны бакшарып турган убакта көп иштерди жасап калышы керектигин айтты

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бул кызматта түбөлүк отурбай турганын, ага мүмкүн эместигин билдирди. Бул тууралуу ал Region телеканалына берген маегинде айткан. Ташиев айткандары иш менен гана байланыштуу экенин, ал эми жашоосундагы нерселерди ачыктай албай турганын белгиледи.

«Менин постуман кийин тааныштарыман «Эмне үчүн убакыт аз калды? Жеке өзүңүз тууралуу айтып атасызбы?» деген сөздөр болду. Ооба, өзүм жөнүндө айтым атам. Себеби мунун баары жумуш менен байланышкан. Себеби УКМКны башкаруу убактым азайып жатат. Бул кызматта түбөлүк отурбайм. 10-15 жыл олтурайын деген деле оюм жок. Болгон ченде да ага мүмкүнчүлүк болушу мүмкүн эмес. Билинип-билинбей эле 2,5 жыл өтүп кетти. Биз шашышыбыз керек. Бардык пландалган жумуштарга үлгүрүп калышыбыз зарыл. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жумуштарды аткарып, бирөөлөр суранганын аткарбай койсом жакын досторум деле «Сен эмне бул жерде түбөлүк отурам деп ойлойсуңбу? Жардам берип койсоң болот эле. Чыгарып койсоң болот эле» деп айтат. Туура мен бул кызматта түбөлүк отурбайм. Бирок мен УКМКны башкарып жаткан убагымда көп нерсеге үлгүрүп калышым зарыл. Мен коррупционерлердин, «бандиттердин», мамлекетке зыянкечтердин тамырын кыркышым керек. Жумуштан кеткенден кийин ошол адамдар мага эле эмес, коомубузга дагы зыянын тийгизе албай тургандай болуш керек. Мына ушул убакыт аз калып жатат», -дейт Ташиев.

24-майда Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коррупцияга, оор жана өтө оор кылмыштарга каршы күрөштүн экинчи этабы башталып жатканын билдирген.Ал «күрөштү улантуу өтө оор болорун» белгилеп, жеке өзүнө «баладан, бир туугандан, дос-жолдоштордон, туугандардан баш тартууга туура келерин» айтты. Ташиев мамлекеттик кызматта иштегендерге кайрылып, мыйзамды бузбай ишин так аткарууга чакырды. «Бир да адам мыйзамсыз жоопкерчиликке тартылбайт» деп кошумчалады.

Быйыл апрель пайында президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде эки жарым жылда коррупциялык, мыйзамсыз иштерге айыпталгандардан мамлекеттин казынасына 10 миллиард сомдон ашык каражат чогулганын билдирген. Ошондой эле коррупцияга айыпталып, бирок үй камагында жүргөндөр тууралуу да суроого жооп берген. Алар үй камагында жүрсө да акталбаганын, сот уланып жатканын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Камчыбек Ташиев

Комментарийлер

live comments feed...