• Башкы бет
  • Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан 4 кортеж токтотулду
12:41, 2023-ж., 26-май

Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан 4 кортеж токтотулду

Ошто мектеп бүтүрүүчүлөрү бараткан 4 кортеж токтотулду

25-майда Ош облусунда мектеп бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 кортеж токтотулду.  Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү болгон. Протокол түзүлүп, унаалар убактылуу айып короого киргизилген. Ал эми окуучулар ата-энелерине өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Быйыл Ош облусу боюнча 11-классты 13 миңден ашуун, ал эми 9-классты 23 миң окуучу аяктап жатат. 

Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлиги мектептен сырткары  салтанат уюштурууга тыюу салган буйрук чыгарган. Аны аткарбаган мектеп жетекчилеринин кызмат ордун кароого чейин чара көрүлөөрүн эскерткен. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бүтүрүүчү

Комментарийлер

live comments feed...