• Башкы бет
  • Ош-Новосибирск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ишке ашырылды
14:26, 2023-ж., 24-май

Ош-Новосибирск багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттам ишке ашырылды

Ош-Новосибирск багыты боюнча үзгүлтүксүз  авиакаттам ишке ашырылды

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 23-майда Ош-Новосибирск-Ош багыты боюнча биринчи үзгүлтүксүз авиакаттам ишке ашырылды.

Каттамдарды Airbus A-320 учагы жумасына бир жолу – шаршемби күндөрү аткарат. Оштон Новосибирскке биринчи каттам  менен 169 жүргүнчү учуп кетти.

Аталган багыт боюнча башка авиакомпаниялар дагы жумасына сегиз жолу учушат.

Аталган авиакомпания Бишкек жана Ош шаарларынан Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Сургут, Дели, Лахор, Исламабад, Анталия багыттары боюнча үзгүлтүксүз жана чартердик каттамдарды аткарат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#авиакаттам

Комментарийлер

live comments feed...