• Башкы бет
  • Ошто ишкерлердин көйгөйлөрү жана бизнес-долбоорлору талкууланды
15:43, 2023-ж., 23-май

Ошто ишкерлердин көйгөйлөрү жана бизнес-долбоорлору талкууланды

Ошто ишкерлердин көйгөйлөрү жана бизнес-долбоорлору талкууланды

Бүгүн  Ош шаарында жергиликтүү ишкерлеринин көйгөйлөрүн жана бизнес-долбоорлорун талкулоо боюнча жыйын болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев жана Ош шаарынын ишкерлери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө, ишкерлер тарабынан айыл-чарба, туризм жана экономикалык багыттар боюнча презентациялар тартууланып, тармактык багыттар боюнча тиешелүү маалыматтар, суроолор берилип, ага ылайык жооптор алынды. Ар кайсы тармакта ишкердик жүргүзүп келген ишкерлер өз ара тажрыйба алмашуу багытында бир топ сунуштарды айтышты.

Мындан тышкары, жыйында өндүрүш, кайра иштетүү, агро-продукцияны сыртка алып чыгууда жана сатууда, эсепти алып баруу жана бизнес-планды түзүү боюнча окууларды жүргүзүү маселелери талкууланды.

Жыйындын алкагында ошондой эле, ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында ишкерлерди тейлөө борборун, индустриялык паркын, өнөр жайын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Соңунда жыйындын катышуучулары ишкерчиликке көңүл бурулуп, тиешелүү көйгөйлөр талкууланып, негизги маселелер чечилип жатканына ыраазычылыгын билдиришип, мындай жыйындар дагы көп өткөрүлүп турушун каалап кетишти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...