• Башкы бет
  • Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт
15:40, 2023-ж., 23-май

Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 24-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +12…+17,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...