• Башкы бет
  • Блогер Батмакан Жолболдуева журналисттин иши боюнча акталды
15:08, 2023-ж., 23-май

Блогер Батмакан Жолболдуева журналисттин иши боюнча акталды

Блогер Батмакан Жолболдуева журналисттин иши боюнча акталды

Баткен облустук сотунун 22-майдагы чечими менен блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште күнөөсү жок деп таап, актады.

Ал эми Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») менен күнөөлүү деп табылган жана 50 миң сом айыпка жыгылды. Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документтерди жасалмалоо») менен эки жылга эркинен ажыратылды. Бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Батмакан Жолболдуева айыпталган эки берене боюнча Жогорку сотко кайрыларын «Т-Медиага» билдирген.

Блогердин кармалышы

«Батма-бат» YouTube каналынын автору, блогер Батмакан Жолболдуева «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен козголгон кылмыш иштин алкагында былтыр 28-мартта кармалып, кийинчерээк үй камагына чыккан. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 127 («Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү»), 190(«Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу»), 379 («Документтерди жасалмалоо») жана 280-беренелери («Бейбаштык») менен төрт кылмыш иши козголгон.

Журналист Арзыгүл Галымбетова 25-март күнү кечке жуук өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Блогер

Комментарийлер

live comments feed...