• Башкы бет
  • Чүйдө балыктардын массалык кырылышы боюнча анализдин жыйынтыгы чыкты
18:42, 2023-ж., 22-май

Чүйдө балыктардын массалык кырылышы боюнча анализдин жыйынтыгы чыкты

Чүйдө балыктардын массалык кырылышы боюнча анализдин жыйынтыгы чыкты

Айыл чарба министрлиги балыктар массалык түрдө кырылып жаткан Чу дарыясынан алынган үлгүлөрдүн анализинин жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 16-майда Чу дарыясында балыктардын өлгөндүгүнө байланыштуу Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде балыктын патологиялык материалдары жана суунун үлгүлөрү алынган.

«Жыйынтыгында бүгүнкү күндө текшерилген балыктардан мышьяк, нитрат, нитрит сыяктуу уулу заттар, паразитологиялык ооруулар аныкталган жок. Ошондой эле суунун курамын текшергенде андан да эч кандай токсикалык элементтер аныкталган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Чу дарыясынан балыктардын массалык өлүмү катталып, Айыл чарба министрлигинин Сокулук райондук ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери жеринде балыктын патологиялык материалдарын жана суунун үлгүлөрүн алышкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сокулук району

Комментарийлер

live comments feed...