16:06, -ж., 20-май
Бишкекте бомба коюлганы боюнча жалган маалымат берген адам 6 айга камалды

Бишкекте телефон аркылуу «бомба коюлду» деп жалган маалымат берген адам 6 айга абакка кесилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 3-февралында Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат түшүп, бирок тастыкталган эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси («Террорчулук актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө террорчулук тууралуу жалган маалымат тараткан 40 жаштагы Н.А.А. аттуу жаран кармалып, муну бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.
18-майда Биринчи Май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, алты айга эркиндигинен ажыратылган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:22
Кечээ
Атайын тема
Жарыялар
15:17, -ж., 26-май
live comments feed...
Комментарийлер