16:36
-ж., 23-сентябрь
УКМК мамлекеттик ишканалардын биринин башкы директору 1 млн. сом өлчөмүндө пара менен кармалганын билдирди. Бирок, кайсы мекеме экенин ачыктаган жок.
Маалыматка ылайык, директор инвесторлорду коркутуп, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алган. Мындан сырткары, 2,5 миллион сом талап кылган.
Алынган далилдердин негизинде директор менен дагы бир жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Комментарийлер