14:22, 2023-ж., 16-май

Эртең күндүзү жаан-чачын болбойт

Эртең күндүзү жаан-чачын болбойт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 17-майда түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +21…+26.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +30…+32 градус болот

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

live comments feed...