• Башкы бет
  • УКМК "Эркечтам" чек ара бекетинде мыйзамсыз акча чогултуулар аныкталгандыгын билдирди
14:15, 2023-ж., 16-май

УКМК "Эркечтам" чек ара бекетинде мыйзамсыз акча чогултуулар аныкталгандыгын билдирди

УКМК "Эркечтам" чек ара бекетинде мыйзамсыз акча чогултуулар аныкталгандыгын билдирди

Ош облусунда оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенгендер аныкталды.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык,  «Д» жана «А» ЖЧКлары  жүктөрдү тоскоолдуксуз жана кезексиз ташып өтүү үчүн чек арачылар менен сүйлөшүп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча чогултуу менен алектенген.

 «Алар ар бир айдоочудан кезекке туруу үчүн 1000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын мажбурлоо менен өндүрүп турушкан. Алынган акчалардын негизинде айдоочуларга “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу жүк ташуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген. Ал эми контейнерлерди кайра жүктөө үчүн крандарды колдонуу акысы 100 АКШ долларын түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

 Мыйзамсыз иш аракеттерди аныктоонун жыйынтыгында мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулган.

 Учурда, чек ара кызматкерлерине карата тергөө жана коррупциялык кылмыштарды аныктоо иштери уланууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...