• Башкы бет
  • ЖКнын комитети акыйкатчы кызматына эки талапкерди колдоду
14:12, 2023-ж., 16-май

ЖКнын комитети акыйкатчы кызматына эки талапкерди колдоду

ЖКнын комитети акыйкатчы кызматына эки талапкерди колдоду

16-майда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети акыйкатчы кызматына талапкер - Жамиля Жаманбаева менен Күлира Кубатованын талапкерлигин карап, экөөнү тең колдоду. Эми бул маселе парламенттин 17-майдагы жыйынында каралып, добушка коюлат.

Жамиля Жаманбаеванын талапкерлигин «Мекенчил» депутаттык тобу жана «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы көрсөтүп жатат. Ал 46 жашта, Фрунзе шаарында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универститетин «юриспуденция» адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек шаарындагы Октябрь, Свердлов райондук прокуратура бөлүмдөрүндө стажер, прокурордун жардамчысы, прокурордун улук жардамчы болуудан баштаган. 2004-жылы Бишкек шаардык прокуратурасында ички иштер жана прокуратура органдарында тергөөгө көзөмөл жүргүзүүчү бөлүмдүн прокурору кызматына келген. 2007-жылы Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы болуп иштеген. 2007-2011-жылдары Сокулук районунун прокурорунун орун басары болуп эмгектенген. 2021-жылы Жогорку Кеңешке шайлоого «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Ал эми 52 жаштагы Кулира Кубатова акыйкатчылыкка «Ыйман Нуру» фракциясы тарабынан сунушталууда.  Буга чейин Саламаттык сактоо, Социалдык өнүктүрүү министрликтеринде иштеген.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы парламенттин 3-майдагы жыйынында депутаттар кызматтан алуу чечимин кабыл алышкан.Анда 50 депутат Абдрахматованы отставкага кетирүүгө макулдугун берип, бешөө каршы чыккан.

Ага чейин, 19-апрелде, Абдрахматова 2022-жылга карата Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндама кылган. Анда айрым депутаттар ага ишеним көрсөтпөө керектигин айтып, мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууну сунушташкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ЖК

Комментарийлер

live comments feed...