
15:30, -ж., 13-май
Ошто ири өлчөмдө акча карактоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кара-Суу районунда, Ош шаарында ири өлчөмдөгү акча карактоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алардын жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар табылганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Карактоого шектелип кармалгандар Кыргызстан менен Өзбекстандан жарандары. Шектүүлөрдүн жашаган жерин тинтүү учурунда көп сандагы ок атуучу куралдар, анын ичинде автоматтар, снайпердик мылтыктар, пулемёттор, тапанчалар, ок-дарылар, гранаталар табылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүүлөрдүн арасында 36 жаштагы аял киши бар. Ал өзбек жараны. Бирок өлкөдө жасалма документ менен жүргөнү айтылууда.
“Алдын ала маалыматтар боюнча, ал бир нече жыл мурда Тажикстан аркылуу өлкөгө кирген. Кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн биринин аялы болот. Кыргызстандын жаранынын атына даярдалган башка бирөөнүн документин колдонуп жүргөн”, — деп жазылат маалыматта.
Жогорудагы бардык фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер