• Башкы бет
  • УКМК сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлгандыгын билдирди
14:20, 2023-ж., 12-май

УКМК сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлгандыгын билдирди

УКМК сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлгандыгын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлганын маалымдады. 

Такталгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорго ортомчулук кылып келишкен. Алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен. 

«Үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшкөн. Андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги  аныкталган. Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүнүн уюштуруучуларынын бири кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сүт цехтери

Комментарийлер

live comments feed...