16:36
-ж., 23-сентябрь
Чүй облусунда кыргыз-өзбек жеңил унааларды кураштыруу жана чыгаруу менен иштей турган «Алтын Тулпар Унаа» заводдунун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Эки өлкөнүн завод куруу иши Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 2023-жылдын январында Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында макулдашылган.
Алгачкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 10 миң автоунааны түзөт. Аны менен бирге 1000ден ашуун туруктуу жумуш орундары түзүлө турганы кошумчалаган.
Комментарийлер