Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
7-майда Ош шаарында биринчи эл аралык Amanat City Run жарым марафону өттү. Бул тууралуу иш-чаранын башкы демөөрчүсү «Аманат Сити» курулуш компаниясынан кабарлашты.
Спорттук иш-чара Ош шаарынын борбордук аянтында башталып, ачылышына шаар бийлиги, «Аманат сити» курулуш компаниясынын жетекчилери, демөөрчү уюмдар катышты.
Жарышта Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1500дөй адам чуркады.
Жөө күлүктөр 3, 10,5, 21 чакырым аралыктарды багындырышты.
Ошондой эле 3 жаштан 10 жашка чейинки Amanat Kid’s Run балдардын жарышы да өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр медаль, акчалай сыйлыктар жана демөөрчүлөр тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.
Иш-чараны «Аманат сити» курулуш компаниясы уюштурду.
Комментарийлер